"Ата-Бейитте" Үркүн курмандыктарына эстелик ачылды

1916-жылда курман болгондорго курулган эстеликтин Ата-Бейиттин чыгыш жагынан көрүнүшү 

Президент Үркүндүн мааниси, аны тарыхта калтыруу аракеттери тууралуу сөз сүйлөп, муфтияттын өкүлү курмандыктарга багыштып куран окуду.

1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондорго эстелик тургузуу коомдук уюмдардын сүрөөнү жана президенттин жарлыгына ылайык ишке ашты. Буга чейин мемориалды тургузуу үчүн скульпторлор арасында сынак жарыяланып, атайын түзүлгөн комиссия Огонбаев менен Ажиевдин эмгегин тандап алган. 
 

Президент элдин биримдиги, мамлекетти сактап калуу жана Үркүндүн мааниси, аны тарыхта калтыруу аракеттери тууралуу сөз сүйлөдү. 

Негизинен Үркүнгө арналып тургузулган эстелик төрт элементтен турат. Биринчиси борбордук композиция. Ал боз үйдүн элесин берип турат. 

Шейиттерге гүл коюу учурунан...

Жарандарды жашыткан 1916-жыл

Баралефтик дубалда элдин кыргынга кантип учураганы, кайра турмушту кантип курганы айтылат. 

Үркүн курмандыктарына арналган мемориал ошол кезде ата-бабалар кабылган оор күндөрдү кеңири чагылдырган. 

Бул жерде кыргыздын тагдырын чагылдырган алты сап ыр жазылган.
 

Мамлекеттик курулуш иштери боюнча жетекчи Турдубек Мамбетовдун берген маалыматына караганда жалпы жонунан бул курулуш ишине 136 миллон сом сарпталды.    
 

Авторлор түндүктөн төмөн карай илинип турган үзөңгүлөр шамал болгон сайын шылдырап, 1916-жылды эске салып турсун үчүн сыртынан күмүш менен капталганын айтышат. 

Эстеликтин ачылышына Кыргызстандагы чет элдик дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөр, өкмөт мүчөлөрү, ЖК депуттары келишти.