Пакистанда жанкечтинин чабуулунан кеминде он адамдын өмүрү кыйылды

Пакистанда жанкечтинин чабуулунан кеминде 10 адамдын өмүрү кыйылды, дагы 40 тургун жараат алды. Жардыруу өлкөнүн түндүк-батышындагы жергиликтүү соттун имаратында болгон.

Мерт кеткендер арасында эки юрист жана эки полиция кызматкери бар.

Мардан шаарында болгон бул окуянын күбөлөрү жанкечти алгач сот имаратынын кире беришине граната ыргытып, андан кийин өзүн дарбазанын жанынан жардырганын айтып беришти.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Жамаат ул-Ахрар" экстремисттик уюму алды. (RK)