"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту түнкү каттамдарды кабыл ала баштады

"Тамчы" эл аралык аба майданы.

Тамчыдагы эл аралык аэропорт жаңы орнотулган белги шамдарды жана инструменталдык ILS конуу-учуу системасын ийгиликтүү сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту кабарлады.

Алгачкы түнкү каттамды жергиликтүү Air KG авиаишканасы 30-августта Бишкек – Тамчы – Бишкек багыты боюнча ЯК–40 учагы менен ишке ашырды. Техникалык сыноо рейси менен Ысык-Көлгө Транспорт министрлиги, Жарандык авиация агенттиги, “Кыргызаэронавигация” жана “Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилери учуп келди.

Буга чейин өлкөдө Бишкек жана Оштогу аэропорттор гана учактарды түнкү маалда тейлөөгө мүмкүнчүлүгү болгон.(ZKo)