Көчмөндөр оюнуна даярдыктар аяктады

Көчмөндөр оюндары.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы курулуп бүттү. Көчмөндөр оюну өтүүчү дагы үч жерде: Рух-Ордо комплексинде, “Аврора” пансионатында жана Кырчын жайлоосунда жасалгалоо иштери аягына чыгып калды. Оюнга келүүгө макулдугун 53 өлкө билдирген. Учурда беш өлкөдөн келген коноктор жайгаштырылды. Дагы келип жатышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун катчылыгынын башчысы Нурдин Султанбаев журналисттерге маалымдады. Анын айтуусунда, оюндун көрүүчүлөрү менчик автоунааларын шаарга кире бериштеги атайын жайга токтотуулары тийиш. Андан ары ипподромго чейин эл ташуучу автобустар иштейт.

Бул аралыкта мамлекеттик экотехинспекция оюн өтүүчү ипподром коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берерин жарыялады. Ал эми архитектура, курулуш агенттигинин маалыматы боюнча, ипподромдун курулушуна 1 млрд 584 млн сом же 23 млн доллар сарпталган, бүгүнкү күндө куруучулар менен толук эсептешип бүтүштү.

Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюну Ысык-Көлдө 3-cентябрда башталат.(ZKo)