Үңкүр-Тоодо өзбек милиционерлеринин саны көбөйгөнү тастыкталды

Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Сажира Чоколоева кабарлады:

- Биздин чек ара аскерлерибиздин байкаганы боюнча, Үңкүр-Тоодо 14-15 чамалуу өзбекстандык милиция кызматкерлери турушат.

Чоколоеванын айтуусунда, Үңкүр-Тоо аймагына Кыргызстандын чек арачыларынан да кошумча аскерлер тартылды.

Мурдараак Үңкүр-Тоо аймагында өзбек десанттарынын саны 25ке чейин көбөйгөнү, алардын ичинде Өзбекстандын Чек ара кызматынын жана Коргоо министрлигинин атайын бөлүктөрүнүн жоокерлери бар экени айтылган.

22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодон милиция кызматкерлерин алып кеткен жок. Кармалган кыргызстандыктар бошотула элек. (ZKo)