Аксы районунда элдик топ түзүлүүдө

Үңкүр-Тоо.

Бул тууралуу Аксы районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, элдик топ Үңкүр-Тоодогу телемунарадагы өзбекстандык милиция кызматкерлерин чыгарууну көздөп жатат.

-Бекназаровдун кайрылуусун кубаттайбыз. Бийлик бул маселени чече албаса, жакынкы күндөрү жергиликтүү тургундар өздөрү Үңкүр-Тоого барганы жатышат.

22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин тоодон алып кеткен жок. Кармалган жарандар бошотула элек.

31-августта саясатчы Азимбек Бекназаров видеокайрылуу жасап, бийлик аракет көрбөсө Үңкүр-Тоодогу өзбек күчтөрүн чыгарууга Аксыда түзүлгөн демилгелүү отряддар даяр экенин билдирген. (RsK)