Өмүркулов: Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү керек

Иса Өмүркулов.

Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин жыйынында Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, өлкө бүтүндүгүн сактоо үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгы туулуп жатат. Ошондуктан Өмүркулов парламенттеги фракцияларды референдумду өткөрүүгө чакырды. КСДПнын лидери президент Алмазбек Атамбаевдин эгемендик күнүндөгү кайрылуусуна токтолуп, аны колдой турганын билдирди:

-Президент өз сөзүндө Кыргызстан тарыхындагы окуяларга токтолуп, мындан аркы кан төгүүлөрдү болтурбоо аракетин көрдү. Мамлекет башчы айрым саясатчылар жөнүндө сын пикир айтууга укуктуу. Аны эл шайлады. Анын билгени бар болсо керек.

31-августта Эгемендиктин 25 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтында болгон салтанатта президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев баштаган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, өзүнүн мурдагы санаалаштарын кескин сындап чыккан.​

Апрель ыңкылабынан кийин бийликте турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президенттин айткандарынан кийин атайын кайрылуу таратышып, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, азыркы президент Алмазбек Атамбаевден кечирим суроону талап кылышкан.

Кайрылууда Атамбаевдин сөздөрү сынга алынып, президенттин кечээги жоругуна, өзгөчө анын 2010-2011-жылдардагы кырдаалга берген баасына нааразы экенин билдиришкен. (BkA)