Аталган экстремисттик-террордук топ менен байланышы бар агенттиктин маалымдашынча, Сириянын түндүк тарабында “ИМ” тобунун лидерлеринин бири Абу Мухаммад аль-Аднани өзүнүн маалымат катчысы менен кошо өлтүрүлгөн. Амак агенттигинин маалымдашынча, Аднани Алепподогу операция учурунда жок кылынган.
АКШ коргоо министрлигинде иштеген булактын айтуусунда, Алепподогу аль-Баб шаарын бомбалоо учурунда “ИМ” тобунун бир лидери жок кылынган. Бирок ал ким экенин тастыктоодон баш тартты.
Аднани террордук топтун көп убактардан берки лидери. АКШ ал тууралуу маалымат үчүн 5 млн доллар сыйлык убада кылган.