Орусиянын Тергөө комитети басмаканада чыккан өрттү иликтөө үчүн атайын топ түздү

Бул тууралуу мекеменин сайтына чыкты. Анда айтылгандай, топко 14 тергөөчү жана 7 эксперт-криминалист кирди. 30дан ашуун соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул ишти 10 соттук-медициналык эксперт жүргүзөт.

27-августта Москвадагы басмаканада чыккан өрт 17 адамдын өмүрүн алды. Алардын ичинен 14ү Кыргызстандын кыз-келиндери болгон. Кыргызстандык дагы үч жаран учурда ооруканада. Алардын абалы азыр туруктуу деп бааланууда

Бул факт боюнча Орусияда «Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. (ZKo)