Норвегияда чагылгандан бугулар кырылды

Норвегияда чагылгандын айынан 300дөн ашуун жапайы бугу кыргынга учурады. Өлкөнүн ири Хардангервидда паркында чагылган тийип, 323 бугу, анын арасында 70 музоосу өлдү.

Окуя өткөн жума күнү болгон. Парктын кызматкерлеринин айтуусунда, күн күркүрөп, катуу чагылган түшкөндө бугулар бир жерге топтоло калган. Учурда жаныбарларын сөөгүн чогултуу иштери жүрүп жатат. (RK)