Петербург: курулуштагы кырсыктан кыргызстандык жаран жабыркады

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жумушчулар түшкөн крандын бешиги алтынчы кабаттан кулап түштү. Жумушчулардын бири кыргызстандык экени аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, жумушчулар кран менен көтөрүлүп, тогуз кабаттуу үйдүн алтынчы кабатына жеткенде кырсыкка кабылышкан. Люльканын ичиндеги алты адамдын төртөө ооруканага жаткырылган. Алардын үчөөнүн абалы оор экени айтылууда. Ал эми кыргызстандык 28 жаштагы жаран жана 22 жаштагы Белорусиянын атуулу алгачкы медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кеткен. Укук коргоо органдары техникалык коопсуздук эрежелерин бузуу фактысына ылайык кылмыш ишин козгоп, кырсыктын себептерин териштирип жатат. (NT/LzT)