Үңкүр-Тоо: ИИМ төрт кыргызстандыктын кармалышы боюнча кылмыш ишин козгоду

Үңкүр-Тоодогу телемунара

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Аксы районундагы Үңкүр-Тоодогу телемунарада иштеген төрт кыргызстандыктын өзбек милициясы тарабынан кармалышы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бүгүн Кербендеги митинг учурунда билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши "Адам уурдоо" беренесинин негизинде ачылды. Азыркы тапта Өзбекстанда кармалып турган кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу аракеттери көрүлүп жатат.

22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чактыдай милиция кызматкерин жайгаштырып, ал жердеги телемунарада иштеген төрт кыргызстандыкты кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жака белиндеги кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргызстан болсо Үңкүр-Тоого өзбек күч органдарынын өкүлдөрүнүн кирип келгени тууралуу түшүндүрмө сураган. Кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясы бошотулган. Бирок Үңкүр-Тоодогу коңшулардын милициялары кете элек. Төрт кыргыз жараны Өзбекстандын Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө. (NT/RsK)