Ташкенде кыргыз элчиси кармалган жарандарды бошотуу талабын койду

Үңкүр-Тоо.

25-августта Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Данияр Сыдыков Өзбекстан Тышкы иштер министринин орун басары Саидикрам Ниязходжаев менен жолукту. Жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен өткөн.

Анда өзбек милициясы тарабынан Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станциянын 4 кызматкеринин кармалып кеткени жана аларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Кыргызстандын талабына өзбек тарап кандай жооп узатканы азырынча эки өлкөнүн министрликтери жарыя кыла элек.

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси 22-августта талаштуу делген Аксыдагы Үңкүр-Тоого тик учак аркылуу 7 милиция кызматкерин түшүргөндөн бери кыйла сууп, ортодогу сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыга элек.

Өзбекстандын ички иштер министрлиги Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеген 4 кыргыз кызматкерин кармап кеткен. Бул аракетти алар кыргызстандык байланыш кызматкерлери Өзбекстандын аймагында жүргөндүгү менен түшүндүрүүдө. Буга чейин Кыргызстан Орто-Токой суу сактагычында куралчан жүргөн өзбекстандык милиция кызматкерин кармап, ага сот чечими менен айыппул салып бошоткон.

Эки өлкөнүн Чек ара жана Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланууда. (SDz)