Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкендеги Кыргызстандын элчиси Данияр Сыдыков менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуу 25-августта өтүп, анда эки тараптуу алакадагы айрым меселелер талкууланды.
Кыргызстан менен Өзбекстандын мамиле-катышы 22-августтан бери жогорку бийликтин көңүл борборунда турат. Талаштуу маселени тынч сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү Өзбекстан тик учак аркылуу Үңкүр-Тоодогу такталбаган аймакка 7 милиция кызматкерин түшүргөндөн бери ишке ашпай келатат.
Кыргызстандын тактала элек аймактан милицияны чыгаруу тууралуу талабын эске албай Өзбекстандын ички иштер министрлиги Үңкүр-Тоодогу радиорелейлик станцияда иштеген 4 кыргыз кызматкерин кармап кетти. Бул аракетти өзбек милиициясы кыргызстандык байланыш кызматкерлери Өзбекстандын аймагында жүргөндүгү менен түшүндүрүүдө.
Учурда Чек ара жана Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланууда. (SDz)