Италиядагы жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 240тан ашты

Италияда жер титирөөдөн кийинки издеп-куткаруу иштери уланууда.

Италиянын борбордук бөлүгүндөгү 24-августтагы жер титирөөнүн курмандыктарынын саны 240тан ашты. 400дөй адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышты.

“Бул акыркы сандар эмес”-деп эскертти шаршембиде Италиянын премьер-министри Маттео Ренци. Бейшембиге караган түнү куткаруучулар тобу издеп-куткаруу иштерин улантышты. Урандылардын алдында дагы адамдар болушу мүмкүндүгү айтылууда. Премьер-министр жабыркаган бардык айыл-кыштактарга жардам көрсөтүлөрүн убада кылды.

Күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө 24-августтун таңында болгон. Баарынан катуу Аккумоли, Аматриче, Поста жана Арката-дель-Торонто шаарлары жабыркашты.

Аматриче шаарынын мэринин айтуусунда, шаардын жарымы урап калган. Жер силкинүүдөн кийинки жер көчкү да калаага бир топ зыян келтирген.

2009-жылы Италиянын Л’ Акуиле шаарында болгон күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алган.