Түркия Жо Байдендин сапарынын алдында Сирияда аскерий операция баштады

АКШнын вице-президенти Жо Байден менен түрк өкмөт башчысы Бинали Йылдырым.

Түрк танктары жана Анкара колдогон Сириянын оппозициялык күчтөрү Сириянын түндүк райондоруна киришти. Аскерий операциянын максаты Түркияга чектеш райондорду “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдан тазалоо экени кабарланган. Аскерий операция башталган күнү, 24-августта АКШнын вице-президенти Жо Байден Анкарага келди. Ал келери менен түрк парламентинин төрагасы Исмаил Кахраман менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Андан соң өкмөт башчы Бинали Йылдырым менен жолугушту. Анын түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган менен да жолугары белгиленген.

Анкарага келери менен Байден Сириядагы Түркиянын операциясы макулдашылганын билдирди. Байден менен түрк жетекчилигинин сүйлөшүүсүндө Түркиянын Кошмо Штаттар жана Европа Биримдиги менен мамилесинин начарлоосу көңүл борборунда болмокчу.

Түркия 15-июлдагы төңкөрүштүн уюштуруучусу катары Фетхуллах Гүленди атап, аны Түркияга кайтарып берүүнү талап кылууда. Вашингтон Гүлендин төңкөрүшкө тиешеси бардыгына далилдерди талап кылган. (AiT)