Италияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 73 жетти

Италия, Аматрис, 24-август, 2016-жыл.

Италия бийликтери 24-августта эрте менен болгон жер титирөөнүн курмандыктары дагы өсөт деп чочулоодо.

Өлкөнүн жарандык коргонуу агенттигинин маалыматы боюнча, “дайынсыз жоголгондордун саны арбын”. Куткаруу жана издөө иштери уланууда.

Италиянын борбордук бөлүгүндө болгон жер титирөөнүн күчү 6,2 баллга жеткен. Аккумоли, Аматрис, Поста жана Аркуата-дель Тронто шаарлары олуттуу зыянга учурады.(AiT)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Италия: зилзаладан өлгөндөр саны 250дөн ашты