Конституцияны өзгөртүүнү талкуулаган жыйынга фракция лидерлери келген жок

Динара Ошурахунова.

Жыйынга жалгыз гана “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев келди. Буга жарандык коом өкүлдөрү нааразылыгын билдиришти. Укук коргоочу Динара Ошурахунова жыйында Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү талкуулабастан, референдум өткөрүүнүн легитимдүүлүгү туурасында сөз кылууну сунуштоодо.

- Депутаттар начар болсо, эч бир мыйзам жардам бербейт. Конституцияда айып жок,- деп билдирди Ошурахунова.

Жыйынды кыргыз парламенти Жарандык көзөмөл кеңеши менен чогуу уюштурган. Ага депутаттар, жарандык коом өкүлдөрү, оппозициялык маанайдагы саясатчылар катышууда. (AzK)