Орусияда жергиликтүү бийликке нааразылык билдирип чыккан фермерлер облус жетекчилиги менен сүйлөшүүдөн баш тартты. Буга акциянын катышуучуларынын бирине полиция кол көтөргөнү себеп болду.
Ушу тапта алар Ростов-на-Дону шаарынын четинде турушат.
"Трактор маршы" деп аталып калган бул акция 21-августта Краснодар облусунун Казан станциясында фермерлердин митингинен башталган. 17 трактор жана ондогон башка автоунаадан турган кербен арыз-муңун борбордук бийликке жеткирүү үчүн Москвага барууну чечкен.
Фермерлер Краснодарда айыл чарба жерлерин рейдерлик басып алуу жүрүп жатканын, буга жергиликтүү соттор колдоо көрсөткөнүн айтууда. (RK)