Чарчоону чарчаткан акын

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук жазуучулар кеңешинин мүчөсү, акын-жазуучу Мусакун Сатыбалдиев Каракол шаарында турат. Майыптыгына карабастан мыкты роман-повесттерди жазып, чыгармачылык менен алпурушуп келет. Алты саны аман адамдардай баса албаса да, ошолор сыяктуу эл-жер көрсөм деп тилек кылат. Анан чакан эле эшек арабам болсо деп кыялданат.