Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан отуз биринчи жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча 97 килограммга чейинки cалмактагылар арасында күрөшкөн кыргызстандык балбан Магомед Мусаев чейрек финалга чыкты. Ал 1/8 беттешинде атаандашы, монголиялык спортчу Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде утту. Мусаевдин атаандашы 2014-жылы Азия чемпиону болгон.
Кыргыз балбаны чейрек финалда украиналык Валерий Андрийцев менен күрөшөт.
Магомед Мусаев 2011-жылдан бери эл аралык оюндарда Кыргызстандын намысын коргоп жүрөт. 2012-жылы Лондондогу Олимп оюндарында 7-орунду ээлеген. Азия чемпиону болуп, ошондой эле бул оюндардын күмүш байгесин үч жолу жеңип алган.
Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндары аяктоодо. Расмий жабылышы бүгүн Бразилия убактысы боюнча 20.00дө, ал эми Кыргызстандын сааты менен 22-августта таңкы 5те башталат. Анда Кыргызстандын туусун Азия чемпиону, Риодогу оюндарда 5-орунду ээлеген балбан Айсулуу Тыныбекова көтөрүп чыгат.
Жалпысынан бул оюндарга кыргызстандык 19 спортчу катышты. Грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова бешинчи орунду ээлесе, дзюдочу Юрий Краковецкий жетинчи орунга илинди.10-августта оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынып, Кыргызстандын эсебине жалгыз байге алып кайткан эле. 18-августта Эл аралык спорттук арбитраж соту Артыковдун кызытма колдонгону аныкталды деген жүйө менен анын жеңишин жокко чыгарды. Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагууда.