Эрдоган: Крымды Орусиянын аймагы катары тааныбайбыз

Буга чейин Варшавада июлда өткөн НАТОнун саммитинде эки президент тең аймактык коопсуздук багытында кызматташууну макулдашкан.

Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 20-августта Украина лидери Петро Порошенко менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдирди. Эрдоган өз өлкөсү Орусиянын Крымды аннексиялашын тааныбай турганын жана жарым аралда крым татарларын мурункудай эле колдоорун айтканы Украина президентинин сайтында жазылды.

Буга чейин Варшавада июлда өткөн НАТОнун саммитинде эки президент тең аймактык коопсуздук багытында кызматташууну макулдашкан.

Орусия менен Түркия өткөн жылдын ноябрында араздашып, быйыл июнда жарашкандан бери мамилелерин калыбына келтирүү аракетинде.

Ал эми орус-украин алакасы 10-августта Москва украиналык диверсанттардын кармалганын жана алар Крымда теракт уюштурууну көздөгөнүн жарыялагандан кийин курчуп кетти. Орус президенти Владимир Путин Киевди террор үчүн айыптап, Донбасстагы чатакты жөнгө салуу боюнча “норманд форматындагы” сүйлөшүүлөрдүн маңызы жоктугун айткан. Украина болсо Москванын айыптарын куру доомат катары баалап жатат.​