Азамат Алтай - элинин чыгаан уулу

Каракол калаасынын интеллигенция өкүлдөрү, жетекчилери, жаштары менен карылары 1995-жылдын 12-сентябрь күнү даңктуу уулун кучак жайып тосуп алды.

Бул жолугушууда Азамат Алтайдын дарегине татыктуу мактоолор, калоо-тилектер, орошон ойлор айтылды. Азамат Алтай да элдин алдына чыгып сүйлөп, суроолорго жооп берди. 

Азамат Алтай менен жолугушууга келген аксакал жердеши. 

Караколдогу Касымалы Жантөшов атындагы драма театрындагы бул жолугушууда облус жетекчиси Жумагул Сааданбеков, шаар башчысы Асылгүл Абдрахманова, Университеттин ректору Жолдош Жусаев жана башка коомчулуктун өкүлдөрү Азамат Алтайды чын жүрөктөн куттукташып, анын басып өткөн, күрөшкө толгон даңктуу жолуна татыктуу баа беришип, узун өмүр каалашты.

Жолугушууда аны жазуучу жана драматург Бексултан Жакиев коштоп жүрдү. 

Шаар жетекчилиги Азамат Алтайга калпак кийгизип, чапан жаап, байбичеңизге ала барыңыз деп элечек да белек кылып жатышат. 

Бексултан Жакиев, Азамат Алтай жана башкалар. 

Кыргыз Эл жазуучусу Зуура Сооронбаева өзүнүн “Чоочун киши” романын тартуулап Азамат Алтайга чың ден-соолук, узун өмүр каалады. 

Бексултан Жакиев, Азамат Алтай жана Зуура Сооронбаева.

Азамат Алтайга таазим кылып, урмат көрсөтүп жаткан жигит.

Төкмө акын Майра Керим кызы сахнада 55 жылдан кийин мекенине келген Азамат Алтайдын урматына ырдап жатат. 

Азамат Алтай жана Майра Керим кызы.

Бексултан Жакиев, Азамат Алтай жана Ысык-Көл облусунун ошол кездеги  губернатору Жумагул Сааданбеков. 

Азамат Алтай менен Бексултан Жакиев.

Жолугушууга келген эл.

Салтанаттуу жолугушуудан кийин Каракол шаарынын тургундарынын атынан Азамат Алтайга сур кашка жорго ат жабдыгы менен тартууланды.

Азамат Алтай менен Жумагул Сааданбеков (ортодо). 

Сур кашка жорго жана жылкы жандуу кыргыз баласы Азамат Алтай.

Жолугушууга келген эл.

Азамат Алтай журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. 

1920-жылы 15-сентябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда туулган Азамат Алтай 1940-жылы аскерге кеткен. Улуу Ата мекендик согуш маалында, 1941-жылы Литвада туткунга түшүп, уруш аяктаганга чейин фашисттик концлагерде болгон. 1945-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган. Азамат Алтай 1953-жылы баш кеңсеси Германиянын Мүнхен шаарында жайгашкан “Азаттык” үналгысынын кыргыз тилиндеги туңгуч берүүсүн обого алып чыккан.

Азамат Алтай кийин АКШга кетип, чейрек кылымдан ашуун өмүрүн Нью-Йорктогу Колумбия университетинин илимий китепканасына арнап, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадан турган китеп корун түзүп, ал 1960-жылы Азамат Алтай ысымын алган.

Азамат Алтай 2006-жылы 23-майда 86 жашында оорунун айынан Нью-Йорк шаарында дүйнөдөн кайткан.

"Азаттык" радиосунун Эгемендиктин 25 жылдыгына карата жарыялаган сынагына Каракол шаарынын тургуну, фотокабарчы Бекмурат Нурдөөлөтов өзү тартып калган тарыхый сүрөттөрүн сунуштады. Ал кыргыздын чыгаан уулу, тагдырдын сыноосу менен Ата Мекендик согуштан кийин өз жеринен сыртта жашап калган Азамат Алтай 55 жылдан соң Кыргызстанга келгенде тартып алган сүрөттөрүн салып жиберген. Сүрөттөрдө 1995-жылдын 12-сентябрында Азамат Алтайдын Каракол шаарына барып, эл менен жолугушкан учуру. Сүрөттүн тексттери да автордуку.