Орусия Алепподо 48 саатка ок атышууларды токтотууга көндү

Алеппо шаары

Расмий Москва Сириянын курчоодогу Алеппо шаарында 48 сааттык убактылуу тынчтык орнотууга макулдук берди. Кремль мындай чечимин 18-августта аба соккулардан жаракат алган баланын видеосу интернетке тарагандан кийин жарыялады.

Ок атышууларды токтотуу чечими келээрки аптадан тарта ишке ашырылат. Бириккен Улуттар Уюму бул күндөрү Алеппого гуманитардык жүк жеткирүүгө умтулууда.

Буга чейин БУУ 18-августтан тарта Сириядагы гуманитардык миссиясын убактылуу токтотконун маалымдаган. Согуштук аракеттер күчөгөнүнө байланыштуу августта гуманитардык жүк ташыган бир дагы кербен Сириядагы курчоого алынган райондорго, анын ичинде Алеппого жетпегенин билдирген. Ошондуктан гуманитардык жардам жеткирүү үчүн 48 саатка согушту токтотуп турууга тараптарды чакырган болчу.

Жыл башынан бери Улуттар Уюму тарабынан Сирияга жүздөн ашык гуманитардык кербен жиберилген. Өлкөдө 600 миңге чукул адам курчоодо калып, азык-түлүк жана дары-дармекке муктаж экени кабарланууда.