Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова 3-орун үчүн таймашат

Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында бүгүн спортчу Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт. 58 килограммга чейинкилер арасындагы жарым финалдык күрөштө Тыныбекова орусиялык Валерия Коблова менен таймашып, 4:1 эсебинде жеңилип калды. Ага чейин биринчи беттешинде, 1/8 финалда бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашып 11:8 эсебинде жеңишке жеткен.

Чейрек финалда болсо 2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси финляндиялык Петра Олли менен таймашып 14:7 эсебинде утуп алган. Коло байге үчүн таймаштар Бишкек убактысы боюнча 18-августка караган түнү саат 2:00до башталат.