Күч кызматкерлери камакка алынды

Чүй ИИБнын эки кызматкери жана Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана акча талап кылган деген айып менен кармалышканын Башкы көзөмөл органы маалымдады. Эки милиция кызматкери К.Д. жана С.К. 19-майда козголгон кылмыш ишинин негизинде 27-майда кармалып, камакка алынышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө Башкы прокуратуранын мурдагы кызматкери М.А. кылмыш ишине катыштыгы бардыгы аныкталган. 14-августта ага айыбы угузулуп, камакка алынды.

Ушу тапта бул кылмыш ишине тиешеси бар башка дагы адамдарды иликтөө иштери жүрүүдө.(ZKo)