Орус аскерлери Сириядагы операциялары үчүн Иранда жайгашкан аскер учактарын алгачкы жолу колдонду. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, аба соккулары Ирандагы Хамадан авиабазасынан ракеталар жана Су-34 учактары аркылуу ишке ашырылды.
«Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун Сириянын түндүгүндөгү үч провинцияда жайгашкан объектилери, анын ичинде машыгуу лагерлери менен кампалары да жок кылынган.