Жалал-Абадда аскердик жүрүш өттү
Аскердик жөө жүрүш 16-августта таңкы саат алтыда Жалал-Абад шаарынын дарбазасынан башталды.
Жөө жүрүшкө облустук ички иштер башкармалыгынын, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук жана Таш-Көмүр, Жалал-Абад шаардык милицияларынын кызматкерлери катышты.
Ооган жана Баткен коогалаңынын катышуучулары, ММК өкүлдөрү, жаштар да жүрүшкө чыкты. Ага жалпысынан миңден ашуун адам катышты.
Жүрүшкө чыккандар 20 чакырым аралыкты жөө басып өтүштү.
Жүрүш соңунда анын катышуучулары Кара-Дарыя айылына жакын жайгашкан аскер полигонунда куралдардан ок атып, ар кандай спорттук мелдештерди өткөрүштү.
Аскердик жүрүшкө катышкан бөлүктөр арасында ар кандай спорттук таймаштар болду. Алардын арасында автомат чачып түзөө, аркан тартыш, чоюн көтөрүү, кол күрөш, граната ыргытуу, автомобиль сүйрөө жана башка мелдештер өттү.
Жөө жүрүшкө катышкан өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева облустагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен.
Аскердик иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Жумагүл Эгамбердиева, ОИИБдин башчысы Жеңиш Жоробеков, УКМКнын облустук башкармалыгынын жетекчилиги катышты.
Бул иш-чаранын максаты - ынтымакты, достукту чыңдоо, мекенди сүйүүнү арттыруу, ар кандай күтүлбөгөн кырдаалдарга, табигый кырсыктарга чогуу каршы туруу, жаштарды аскерге чейин даярдоо болуп саналат.