Орусия мунай өндүрүшүн дагы чектөөнү сунуштоодо

Иллюстрация

Мунайдын арзандашы Орусия менен Сауд Арабиясын бааны турукташтыруу үчүн өндүрүштү токтото туруу жөнүндө жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоого мажбур кылууда. Орусиянын энергетика министри Александр Новак 15-августта саудиялык "Шарк ал-Аусат" гезитине маек куруп, бул жаатта чогуу иштөөгө даяр экенин билдирди.

Сауд Арабиясынын энергетика министри Халид ал-Фалих өткөн аптада мунай өндүрүүнү токтото турууну айтып, бааны турукташтыруу үчүн ОПЕК уюму жана Орусия сыяктуу мунай гиганттары менен иштешүүгө кызыкдар экенин айткан.

Бир күндө 11 миллион баррелдин тегерегинде чийки мунай өндүргөн Орусия жана Сауд Арабиясы дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчүлөр.

Өндүрүү көлөмүн чектөө чечими быйыл апрель айында да кабыл алынган. Бирок, Новактын айтуусунда, айрым жакшы натыйжаларды бергени менен талап кылынгандай жыйынтык болгон жок.

ОПЕК - мунай өндүргөн мамлекеттердин орток уюму. Ага 13 өлкө кирет.

Учурда мунайдын бир баррелинин баасы 46-48 доллардан болууда. (RK)