"Президенттин командасы контрреволюциячыларга айланышы мүмкүн"

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөргөн Жогорку Кеңештеги фракциялардын катарына “Ата Мекен” фракциясы кирген жок. Мунун себептерин фракциянын төрагасы, азыркы Конституциянын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев “Азаттыктын” 2х1 форматындагы суроолоруна жооп берип жатып билдирди.