Бүгүн Бишкекте бет ачар аземи боло турган китеп «Эне чындыгы 1916-2016» деп аталат. Аны “Мээрим булагы” менчик балдар үйүнүн жетекчиси Гүлнара Дегенбаева түзгөн. Чыгарма тарыхый документтердин жана түркиялык чалгынчы Адил Хикметтин кыргыз-түрк “Манас” университетинде сакталып турган “Азиядагы беш түрк” китебинин негизинде жазылган. Бул китеп Түркияда 1927-жылы басылып чыккан. Анда Түркистан чөлкөмүндөгү 100 жыл мурдагы окуялар баяндалат. (NT)