Бишкекте классикалык музыканын фестивалы өтөт

Бишкек

23-августта Бишкекте Tengri Music 2016 аталышында классикалык музыкалардын II эл аралык фестивалы өтөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Таир Бейшеев билдирди. Анын айтымында, фестивалга Кыргызстан, АКШ, Германия, Орусия, Казакстан, Ирландия Македония жана Италия өлкөлөрүнөн келген өнөрпоздор катышат.

Фестивал Дайыр Асанов атындагы түштүк дарбазадагы эс алуу багында ачык асман алдында кечки саат 17:00до башталат.(ECh)