Чолпон-Ата: ат майдандагы иш
Курулушчулардын айтымында, ипподром августтун 25не бүтөт деп мерчемделген.
Азыр курулуш иши кызуу жүрүп жаткан убагы.
Курулушта 1000ге жакын жумушчу нөөмөт менен иштешүүдө.
Курулуп жаткан ат майдан 10 миң кишини ичине батыра алат.
Ал эми ошол эле аянтка “Газпром” мунай компаниясы куруп жаткан спорт комплекси толугу менен аяктады.
Спорт комлексте спорттук сегиз оюндун түрү өткөнгө ылайыкталган.