Самаковдун иши боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берип жатышат

Карганбек Самаков

Бишкектин Октябрь райондук сотунда Карганбек Самаковдун жерге байланыштуу чырлуу иши боюнча кезектеги сот отуруму 10-августта өттү. Ага Каттоо кызматынын директорунун мурунку орунбасары Самирдин Жумашев, президенттик аппараттын канцелярия бөлүмүнүн кызматери Ольга Жестовская, Лебединовка айылдык кеңешинин мурдагы башчысы Мундусбай Маматкулов күбө катары чакырылды.

Ольга Жестовская өзүнүн милдети тууралуу айтып жатканда, анын көрсөтмөлөрү тергөө амалдарындагы көрсөтмөлөрү менен эки башка чыкканын сотко катышкандар билдиришти. Ал 2008, 2014-жылдары сот карап жаткан ишке байланыштуу документтер, каттар канцелярияга түшкөн-түшпөгөнүн эстей албасын айтты.

Самаков канцеляриядагы каттардын бир жыл бою тийиштүү адамдарга жетпей жатканы ишенимдүү эместигин белгилеп, прокурорлор күнөө коюу үчүн эски, жасалма маалыматтарды колдонуп жатканын билдирди.

Каттоо кызматынын башчысынын экс-орунбасары Самирдин Жумашев жерди трансформациялоо боюнча документтер даярдалган учурда эмгек өргүүсүндө болгонун белгиледи.

Мурдагы айыл башчы Мундуспай Маматкулов айылдык кеңештин сессиясында жерди трансформациялоо боюнча документтердин мыйзамдуулугу каралып, көпчүлүк депутаттар колдоп бергенин билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков жана дагы бир топ адамга карата кылмыш иши былтыр 14-майда козголгон. Ал Чүйдүн Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарында 262 жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталууда. Буга Игорь Чудинов жана Искендербек Айдаралиев да аралашканы айтылган. (AKu)