Казакстанда мурдагы консул кесилди

Иллюстративдик сүрөт.

Индияда консул болгон Рашид Рахимбековду Алматы соту 1,5 жылга шарттуу түрдө кести. Ал 2010-2013-жылдары консул кезинде чет өлкөлүк жарандарга ишкерлик визасын мыйзамсыз берген деп айыпталды. Сот ошондой эле аны 26 млн. теңге же 73 500 доллар төлөөгө милдеттендирди. Рахимбеков коюлган айыптарды четке кагып, жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдирди. (AiT)