Оппозициялык саясатчы жана жарандык активист Максим Резниктин Санкт-Петербург шаарынын кеңешине ат салышуу үчүн топтогон колдорунун 10% жасалма деп табылды. Шаардын шайлоо комиссиясы 7-августта тийиштүү чечимин чыгарды. Ал "Өсүү" партиясы менен бир мандаттуу округдан шайлоого катышууну көздөп жаткан. Өзү шайлоого катыша албаганы менен ал партиясынын кызыкчылыгы үчүн иштей алат. (AiT)