Жалал-Абад милициясы: кайрылуу жасаган аялдар “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө

Видеокайрылуу жасаган аялдар. Сүрөт YouTube каналындагы тасмадан алынды.

Жалал-Абаддын Аксы районунда тыюу салынган уюмдарга мүчө деп шектелген эки келин видеокайрылуу жасап милициянын үстүнөн даттанды. Тартип сакчылары аны жазадан качуунун амалы деп сыпаттады.

Тасма YouTube каналына 6-августта коюлган. Алар милициянын 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлери үйлөрүнө кирип келип, тинтүүгө алышканын, андан бери балдары коркуп жашап жатышканын белгилешкен. Кайрылуу жасаган келиндер издөөдө жүргөн башка кишинин айынан милициянын зомбулугуна тушугуп жатышканын айтып, бийликтен жардам сурашкан.

Кайрылуу жасагандар экөө тең 35 жашта. Бири өзүн Бактыгүл Арстаналиева, экинчиси Бактыгүл Өмүрбекова деп тааныштырышкан.

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков “Азаттык” радиосуна билдиргендей, экөө тең “Хизб ут Тахрир” уюмунун мүчөсү экени аныкталып, соттун санкциясы менен 24-майда үйлөрүндө тинтүү жүргөн. Алардан далилдүү буюмдар табылып, кылмыш иши козголгон. Кайрылгандардын бири Бактыгүл Арстаналиева мурда соттолгон.

- Баары мыйзам чегинде эле жүргөн. Тартип сакчылары дубалдан ашып киришкен эмес. Буга коңшулары да күбө. Үйлөрүнөн табылган дисктерде диний кастыкты козута турган видеолор болгон. Теологиялык экспертиза да аны тастыктаган. Тергөө учурунда күнөөнү моюнга алышып, иш сотко өткөн. 12-августта сот отуруму болот. Видеокайрылууну кылмыш жоопкерчилиген качуу максатында жасалып жатат, - деди Турдубеков.