Пакистандын ири Карачи шаарында суу ташкынынан 10 адам жашоо менен кош айтышты. Алардын көбү ток уруп каза тапканын ВВС кабарларды.
Табият кырсыгынан улам калаадагы 400 электр өткөргүч жарактан чыкты. 4-августта башталган нөшөрлүү жаан токтой элек.
2010-жылдын июнь айында да суу ташкындан бир жарым миңдей адам көз жумган эле.