Ташкент-Балыкчы темир жол каттамы жанданат

Жайкы эс алуу сезонуна байланыштуу Ташкенттен Балыкчы шаарына темир жол каттамы 16-августта жанданат. Коңшу өлкөнүн мамлекеттик агенттиктери билдиргендей, поезд жумасына эки жолу – ишемби жана жекшемби күндөрү эл ташыйт. Жолдун аралыгы бир күнгө жакын.

Өзбекстан өткөн жылы жайкы эс алуу учурунда Ысык-Көлгө убактылуу поезд жүргүзүп, аптасына бир жолу каттап турган. (SE)