Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун адистери Кыргызстандын аймактарында ишкерлер жана жергиликтүү башкаруу орган өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштурууда.
Экономика министрлиги менен чогуу уюштурулуп жаткан жыйындардын максаты - экономикалык өнүгүү жаатында бирдиктүү аянтча түзүү болуп эсептелерин аталган фонддон кабарлашты.
Жолугушуулар Токмок, Нарын жана Каракол шаарларында өттү. 24-августка чейин башка район-шаарларда уюштурулат.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2014-жылы түзүлгөн. (SE)