Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы кенди казууга нааразы болгон тургундар бүгүн “Кассана Минералс” компаниясынын техникаларын жолдон өткөрбөй тороп турушат. Бул тууралуу Чолпон-Ата айыл өкмөтүнөн нааразылыкка чыккан тургундар “Азаттык” радиосуна билдиришти.
Жол тосуу эртең менен башталган. Жергиликтүү тургундар эгер кен казуу башталса, аймактагы уран калдыктары ачылып, кооптуу кырдаал жараларын белгилешүүдө. Жашоочулар быйыл кышында да кенчилердин техникаларын киргизбей коюшкан. Облустук бийликтин өкүлдөрү жана тийиштүү адистер жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнүнө карабай, андан майнап чыккан эмес.
"Кассана Минералс" ишканасынан жана жергиликтүү бийликтен комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.
Райондогу алтын кенин иштетүүгө 2009-жылы “Спектр” компаниясы уруксат алып, кийинчерээк лицензияны “Кассана Минералс” фирмасына саткан.
Кенге уруксат берилген жер 18 гектар жана 69 килограмм алтын запасы бар. (SE\RsK)