Назарбаев Эрдоган менен жолугушат

Эки президенттин өткөн жылдын апрелинде Астанадагы жолугушуусу.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 5-августта Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугары күтүлүүдө.

Расмий сапар алкагындагы жолугушуу Анкарадагы президенттик комплексте өтөрүн түрк өлкө башчысынын акимчилигинен кабарлашты.

Назарбаев Түркиядагы 16-июлдагы ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин бул жакка биринчилерден болуп расмий сапар менен келген мамлекет башчысы.

Кийинки жумада Түркия президенти Орусияга келип, өлкө башчысы Владимир Путин менен жолугары күтүлүүдө.

Бул Эрдогандын түрк тарап орустардын аскер учагын атып түшүрүп, араздашып, кайра жарашкандан кийинки сапары.