Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыккандан кийин билдирди. Анын айтымында, шаарда 40, Сузак районунда 20 адам ашыкча кармалууда. Ал эки күндүк иш сапары учурунда облустагы бир топ убактылуу кармоочу жайларды, Кызыл-Жардагы психикалык оорукананы кыдырып чыкты. (RsK)