Францияда барымтага алынган түрмө кызматкерлери бошотулду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция кабарлады. Өлкөнүн батышындагы тергөө изоляторунда камакта жаткандардын бири мекеменин эки кызматкерин барымтага алган. Окуя Ле-Ман абагында болгон.
Барымтаган алган жаран аны башка абакка которууну талап кылган.
Куткаруу операциясында эч ким жабыркаган жок.
2015-жылдын ноябрь айында Франциянын жалпы аймагында өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган.
Былтыр ноябрда, быйыл январь жана июль айларында Парижде жана Ниццада террордук чабуулдарда жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылды. (RK)