Францияда түрмө кызматкерлери барымтага алынды

Франция 2015-жылдын ноябрынан бери "өзгөчө кырдаал" тартибинде жашоодо

Франциянын батышындагы тергөө изоляторунда камакта жаткандардын бири мекеменин кызматкерлерин барымтага алды. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, окуя Ле-Ман абагында болуп жатат. Алдын ала маалымат боюнча, эки кызматкерди барымтада кармап турган жаран аны башка абакка которууну талап кылууда.

2015-жылдын ноябрь айында Франциянын жалпы аймагында өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган.

Былтыр ноябрда, быйыл январь жана июль айларында Парижде жана Ниццада террордук чабуулдарда жүздөгөн адамдын өмүрү кыйылды. (RK)