Ак үй АКШ өз жарандары үчүн Иранга кун төлөдү деген маалыматты четке какты

Ак үй

АКШ өз жарандарын бошотуп алуу үчүн Иранга акы төлөгөн эмес. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жош Эрнст билдирди.

Анын айтымында, быйыл январь айында Иранга жөнөтүлгөн төлөм 1979-жылдан кийин токтотулган курал сатуу келишими боюнча акча болчу.

АКШ администрациясынын белгилешинче, Кошмо Штаттар башка мамлекеттер "мыйзамсыз камап жаткан жарандары үчүн акы төлөгөн эмес жана төлөбөйт".

Эрнст быйыл январь айында Иранга акча салынган учак жөнөтүлгөнүн, ошентип АКШ 1979-жылы Иранга курал-жарак сатканы үчүн алган 400 миллион долларды кайра кайтарып бергенин ырастады. Бул келишим Ирандагы ислам революциясынан кийин токтотулган. Ошондон бери топтолгон пайыздык үстөгү 1,3 миллиард долларга жеткен, бул акча да төлөнүп берилди деп кабарлады Reuters агенттиги.

3-августта The Wall Street Journal гезити америкалык сенатор Том Коттондун АКШ өз жарандарын туткундан чыгарып алуу үчүн Иранга акча төлөгөнү тууралуу айткандарын жазып чыккан болчу.

Быйыл 16-январда Иранда камалган америкалык-ирандык жарандыгы бар төрт адам боштондукка чыккан. Алардын арасында The Washington Post гезитинин кабарчысы Жейсон Резаян да бар болчу. (RK)