Эки кыргызстандык радикализмге байланыштуу Орусиядан депортацияланды

Мигранттарды текшерүү.

Кыргызстандык эки жаран радикализмди пропагандалады деген айып менен Орусиядан депортацияланды. Аларга айыппул да салынганын Федералдык коопсуздук кызматы билдирди. Аты-жөндөрү ачык айтылбаган эки жаранга беш жылга орус жергесине кирүүгө тыюу салынды.

Коопсуздук кызмат алар Челябинск облусунда КМШ мамлекеттеринин көпчүлүгүндө экстремисттик деп табылган салафизм идеясын жайылтып жүргөнүн билдирүүдө. (NT)