Жон Керри Борбор Азия министрлери менен 3-августта жолугат

АКШнын мамлекеттик катчысы Керри Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен Вашингтондогу жолугушууда регионалдык коопсуздук, экономикалык кызматташуу, айлана чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүүсү жана гуманитардык маселелерди сүйлөшөт.

Алар ошондой эле 2015-жылдын ноябрында болгон мындай форматтагы Самаркандагы биринчи жолугушууда сунушталган беш долбоорду талкуулашат. Мамлекеттик катчынын орун басары Энтони Блинкен беш министр менен Борбор Азиянын 21-кылымдагы өнүгүүсүн талкуулайт. Кошмо Штаттардын Соода палатасы ири ишкерлердин катышуусу менен Борбор Азия мамлекеттери менен бизнес-форум өткөрөт. Вашингтондогу жолугушууга Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да катышууда. (AiT)