Көчмөндөр оюндары тууралуу ролик Евроньюстан көрсөтүлдү

Көчмөндөр оюну.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары чагылдырылган видеоролик 2-августтан тарта Евроньюс каналынан бериле баштады. Кыргызстандын Туризм департаменти менен аталган канал түзгөн келишим боюнча ролик эки жарым ай бою бир күндө 3-4 жолу кайталанып көрсөтүлөт.

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Биринчи жолу бул иш-чара 2014-жылы уюштурулган. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиянын өкүлдөрү катышкан. Быйылкы эл аралык оюндарга мындан да көп мамлекеттин өкүлдөрү келери күтүлүүдө. Катышуучулар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат. (NT)