Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади коррупцияга шектелген бир нече парламент өкүлдөрүнө өлкөдөн чыгууга уруксат бербей койду. Абадинин администрациясы кабарлагандай, премьер 2-августта айыптардын чын-төгүнүн аныктамайынча аткаминерлердин "өлкөдөн чыгуусун убактылуу чектөө киргизүүгө" буйрук берди.
Абади баштаган өкмөт элдин нааразылыгына дуушар болуп келет. Күндөн-күнгө күч алган нааразылык акциялар өкмөттү реформаларды тездетүүгө, өсүп келаткан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырууда.